30-апрелде эртең менен Швециянын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн түндүгүндө жана Стокгольм шаарында атайын операция өткөрдү. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө үч киши кармалып, дагы бир нечеси суракка алынды.
Жергиликтүү Expressen телеканалы Стокгольмдун түндүк бөлүгүндөгү атайын операциянын жүрүшү тартылган кадрларды көрсөттү.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы азырынча кармалгандардын аты-жөнү жана кайсыл аймактагы операция маалында кармалганын айта албай турганын маалымдады. Бирок бул иш менен жакындан тааныш аткаминерлердин бири кармалган үч адам Стокгольмдун Акалла районунда жашаган өзбек жарандары экенин билдирди.
– Буларды атайын кызмат өкүлдөрү Рахмат Акилов теракт жасагандан кийин аңдый баштаган. Алардын бирөөсү Акилов менен байланышта болгон. Ал дагы Самарканддан келген», — деди швед аткаминери.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалгандар узак убакыттан бери Швециянын аймагында теракт жасоого даярдык көрүп жүрүшкөн.
Кармалгандардын биринин бир тууган агасы жергиликтүү SVT телеканалына берген маегинде «инисинин Швецияда эмес, Өзбекстанда маселелери болгонун» айтты. Швециядагы өзбек коомчулугунан билдиришкендей, 30-апрелде кармалган өзбек жарандарынны бирөөсү Өзбекстандагы куугунтуктоолордон кийин Швецияга барган.
– Эки бир тууган кармалган. Экөө тең Ташкентте туулуп-өскөн. Сурактан кийин кичүүсү бошотулду, улуусу камалды. Биздеги маалыматтар боюнча, кармалгандардын үчүнчүсү Кыргызстандын Ош шаарынан чыккан этникалык өзбек, – деди Швецияда жашаган өзбекстандыктарын бири.
Былтыр апрелде самарканддык 40 жаштагы Рахмат Акилов жүк унаасы менен Стокгольмдун борборунда жөө адамдарды тебелетип кеткен. Жыйынтыгында беш киши мерт болуп, он беши жаракат алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ