Menu

Убактылуу кармоочу жайдан качкандар кармалды

Бөлүшүү:

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен үч шектүү кайрадан колго түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева “Азаттыкка” билдирди.

Качкандар Токмок шаарынын жакасындагы токойлордун биринен кармалган.

Шектүүлөр кечээ эртең менен саат 07:00дөрдө качып кеткен болчу. Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамы дароо эле издөө иштерин баштаган. ИИМ алардын аты-жөнүн жана сүрөтүн Интернетке чыгарып, издөө жарыялаган. Үчөө тең Токмок шаарынын тургуну экени айтылган.

Эң чоңу, 18 жаштагы Леонид Ворончихин Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”), ортончусу, 17 жаштагы Анатолий Порошин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) жана кичүүсү, 16 жаштагы Руслан Юсупахунов Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу”) боюнча шектүү катары кармалган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: