Menu

Тажикстан менен Өзбекстан ортосундагы автобус каттамы 15-майда ачылат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 1-майда Тажикстандагы «Азия экспресс» ишканасынын директору Султон Камолов билдирди. Анын айтымында, тажик тарап каттамдын ачылышына толугу менен даяр жана учурда жол кире баасы боюнча өзбек тараптын акыркы чечимин күтүүдө.

Камолов алгачкы учурларда Хужанд-Ташкент жана Пенжикент-Самарканд багыттары боюнча каттамдар иштеп, эки өлкөнүн башка шаарларын бириктирген каттамдар кийинчерээк ачыла турганын кошумчалады.

Тажикстан транспорт министринин орун басары Шерали Ганжалзоданын айтымында, эки өлкөнүн тең унаа жолдору коопсуздук эрежелерине жооп бергени менен, айрым жерлерине кошумча маалыматтык белгилерди орнотуу зарылдыгы бар.

​Буга чейин тараптар Душанбе-Термез, Бохтар-Денау, Пенжикент-Бухара, Пенжикент-Самарканд жана Хужанд-Ташкент багыттары боюнча автобус каттамдарын ачуу боюнча макулдашкан. Тажикстан тараптан жүргүнчүлөрдү ташуу менен «Азия экспресс» ишканасы алектенет. Компания бул үчүн атайын бир нече жаңы автобус сатып алган.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча күн сайын 10 миңден ашык тажикстандык Өзбекстандын түрдүү аймактарына барып турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: