Ереванда жана Армениянын башка шаарларында Никол Пашиняндын тарапташтары жарандык баш ийбөөчүлүк акциясын жандандырышты.
Армян оппозициясынын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян 1-майда өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде аянттагы элге келип, сөз сүйлөгөн. Ал көчөлөрдү, метролорду, темир жолдорду аба майдандарына алып бара турган трассаларды жабууга үндөгөн. Пашинян жапырт иш таштоолого чакырган.
Таң эрте анын тарапташтары Звартноц аэропортуна алып барчу жолду бөгөштү. “Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, акция чыңалуулар менен коштолуп, окуя болгон жерге полициячылар келди. Ереванда студенттер кайрадан көчөгө чыгышты.
1-майда Никол Пашинянга парламенттин 45 депутаты “макул”, 55 депутаты “каршы” добуш берген. Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу.
Ошол эле күнү ал элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырган. Ал полицияны элге кошулууга үндөгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ