Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин аброю абдан жогору. Президенттик шайлоодо СДПКдан чыккан талапкер Сооронбай Жээнбековго болгон аракети менен жардам берип, чуркап жүрдү. Эми ошол Камчыкеге вице-премьерликти берип койсо деле жарашмак. Жеңиш Разаковдун колунан кокон тыйын келген эмес, мындан кийин деле келбейт. Ага караганда Ташиевдин иш тажрыйбасы, көрөгөчтүгү көп пайда алып келмек. Сыягы, Жээнбековдор Ташиевди кызматка алып келгенден коркушкан окшойт. Түштүктө аларга караганда Ташиевдин таасири күчтүү экенин эл-журт жакшы билет эмеспи. Балээ басып, Камчыкенин жини кайнаса, тосмодон секирип кетиши мүмкүн.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ