Menu

Азимжан Аскаровдун жубайы БУУнун комитетине кайрылды

Бөлүшүү:

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоо маселелери боюнча комитетине кайрылды. Өткөн аптада ал комитеттин Женевада өткөн сессиясына катышып сөз сүйлөдү.

Аскарова: “Ал кандуу окуялардан бери сегиз жыл өттү. Баарын эмоциясыз жана калыс карап чыгууга жетиштүү мезгил болду. Каталарды моюнга алып, оңдоого убакыт келип жетти. Баарыңардан менин күйөөмдүн жана ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча катаал жазага туш болгон ондогон башка адамдардын иши боюнча акыйкатты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү суранам”, – деди.

Бир ай мурда Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Аскаровдун жана аны менен кошо соттолгон жети адамдын ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган, мүмкүн болсо Аскаровго мунапыс беришин өтүнгөн.

Азимжан Аскаров “Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган” деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: