Menu

Казакстанда “жалаа жабууга” айыпталган журналист акталды

Бөлүшүү:

Шымкент шаарынын Абай райондук соту 3-майда “Жалаа жабуу” беренеси боюнча айыпталып жаткан журналист Динара Бекболаеваны актады.

Отурумга журналистке каршы арыз берген “Мемлекет Туы” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү келишкен жок.

Сот жараяны учурунда Бекболаева жана анын адвокаты Дауренбек Момбаев арыздануучулар далил келтире алышпаганын, экспертиза учурунда макалада жалган жалаа тууралуу сөз болгону аныкталбаганын билдиришти.

Сот Динара Бекболаеваны актаган өкүм чыгарды.

2-мартта “Мемлекет Туы” коомдук бирикмесинин төрагасы Сүйүн Абдула журналистти “Түштүк Казакстан облусунун акимчилиги Габидулла Абдрахимовду каралоо үчүн акча төлөгөнбү?” деген Ratel.kz сайтында чыккан макаласы үчүн сотко берген.

Мындан соң материал психология-филологиялык экспертизадан өтүп, Сүйүн Абдуланын аброюу менен кадыр-баркына доо кетире турган маалымат болгон эмес деген кортунду чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: