Menu

Президент Жээнбеков: “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!

Бөлүшүү:

“Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал кийинки кезде “Президент Жээнбеков кландык бийликти орноткону жатат” деген пикирди коомго сиңирүү аракеттери күчөп жатканын белгиледи.

“Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал эч качан элди улутуна, динине, жерине карап бөлбөгөнүн, өзүн жалпы Кыргызстан элинин Президенти катары милдетин аткарып, журтуна кызмат кылаарын белгиледи.

“Бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт!”, – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: