Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада окуу жайдын терезесинен кулап кеткен казакстандык студент кыздын өлүмү боюнча иликтөө иштеринин чоо-жайын билбейт.
«Тергөө дале уланууда, чоо-жайы азырынча белгисиз», — деди мекеменин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков. Анын айтымында, кыздын ата-энеси Москвага барып, учурда аларды казакстандык дипломаттар коштоп жүрүшөт.
21 жаштагы Томирис Байсафа окуу жайдын төртүнчү кабатынан кулап, Москва шаардык илимий-изилдөө институтуна жеткирилгенден кийин 3-майда эртең менен каза болгон.
Орусиянын тергөө комитети окуя боюнча «Өз жанын кыюуга чейин жеткирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Маалыматтарга караганда, тергөөчүлөр бул иш боюнча Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын 22 жаштагы уулу Муртузали Межидовду суракка алышты. Күбөлөрдүн айтымдарында, ал окуянын алдында Томирис Байсафа менен бирге аудиторияда болгон.
Жайнаков казак дипломаттары учурда кыздын сөөгүн мекенине жеткирүүнү уюштуруу иштери менен алектенип жаткандыгын кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ