Menu

Душанбеде терроризмге каршы күрөштүн жаңы жолдору талкууланууда

Бөлүшүү:

3-майда Душанбеде «Терроризм менен экстремизмге каршы аракет» аттуу эл аралык конференция башталды. БУУ, ЕККУ жана Европа биримдигинин көмөгү менен Тажикстандын өкмөтү тарабынан уюштурулган иш-чара бүгүн, 4-майда дагы уланат.

Тажик ТИМинин маалыматына караганда, конференцияга дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн барган 30дан ашык эл аралык жана аймактык уюмдардын, ошондой эле илимий-изилдөө институттардын өкүлдөрү катышууда.

Мекемеден билдиришкендей, иш-чара заманбап чакырыктар менен коопсуздук коркунучтарына каршы күрөштүн алкагында бардык кызыкдар тараптардын биргелишип аракеттерди көрүүсү жана тажрыйба алмашуусу үчүн платформа түзүп берүү максатында уюштурулган.

Талкууга катышуу үчүн Душанбеге ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингер, БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков, АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Ооганстан боюнча жардамчы орун басары Генри Эншер, Сырткы аракеттер боюнча Европа кызматынын саясий маселелер боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Кристоф Белльяр жана бир катар өлкөлөрдүн ТИМ башчылары барышты.

​Апта ортосунда Тажикстан Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлеринин колбашчысы Раджабали Рахмонали «Талибан» кыймылынын 6 миң 825 жоочусу Ооганстандын түштүгүнөн түндүгүнө көчүрүлүп, алар азыр Балх, Кундуз, Тахор жана Бадахшан провинцияларындагы 29 машыктыруучу базада жайгашканын билдирген. Анын айтымында, жоочулардын көбү Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырым. Түштүк бөлүгүндө куралдуу топтор чогулуп, Душанбени биртоп кабатыр кылып келет. Генерал Раджабали Рахмонали ооган-тажик чек арасы Тажикстандын гана баш оорусуна айланганын белгилеп, ал дале бекемдөөгө муктаж экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: