Menu

Кенжебек Бокоев: «Бабановду колдогон 600 миң шайлоочунун 100 миңи көчөгө чыкса эмне болот?

Бөлүшүү:

Кенжебек мырза, учурда эл өкүлдөрү региондордогу шайлоочуларыңар менен жолугуп жүрөсүздөр да. Эл ичиндеги кандай көйгөйлөр сизди кыжалат кылууда?

– Таластагы шайлоочулар менен жолукканда эле «төөбуурчактын баасы 40 сомго түшүп кетти» дешип көпчүлүк арыз-муңу менен кайрылды. Мен бул маселени парламенттен да өткөндө көтөргөм, бирок жыйынтык чыга элек. Негизи жаз айларында тескерисинче баасы 100 сомго чейин көтөрүлүп кетчү. Андан кийинки маселелер бул баягы мен парламентге көтөрүп жүргөн жөлөк пул, таза суу, жол көйгөйлөрү өңдүү иштердин чечилбегендиги кыжалат кылууда.

– Өмүрбек Бабанов менен байланышып жатасызбы? Ал кишинин жакын арада келе турган ою барбы? Бул бийликке жол издеп, калбырынан арылганга аракет кылып жатабы?

– Биринчиден, Өмүрбек Бабановдун артында эч кандай калбыры жок! Ага карата саясый буйруктун негизинде шайлоодо сүйлөгөн сөзү үчүн гана жасалма кылмыш иши козголгон. Кечээ жакында эле камакта отурган Мелис Аспеков деген жаш жигит аны УКМКнын кызматкерлери коркутуп, Өмүрбек Бабанов, Канат Исаевдерге каршы каралоо иретинде арыз жаздырганын айтып чыкгы. Жаңы бийликтин келиши менен мурдагы укук коргоо органдары, күч структуралары жасаган мыйзамсыз иштердин бети ачылып баштады. Мелис Аспековдун айткандары дыкат иликтениши зарыл. Фактылар аныкталса, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилиги каралышы керек. Бабановго президенттик шайлоодо 600 миңге чукул адам ишенип добуш берген. Биз «демократиялыкжолдон тайбайбыз» десек, анда ага жана башка саясатчыларга карата саясый куугунтук токтошу керек! Өмүрбек Токгогулович эч качан «бийликти басып алам» деп айткан эмес жана анын андай ою да жок болчу. Ал кишинин өзүнүн сөзү бар, «мен эч качан бийликке революция аркылуу калбейм» деген. Шайлоодон кийин элибиз анын жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышты. Эми элестетип көрсөңөр, Бабановду колдогон 600 миң шайлоочунун 100 миңи эле көчөгө чыкса эмне болот эле? Өмүрбек Бабанов болсо өзү жаман көрүнсө да ошол көтөрүлгөн көпчүлүктүн тарап кетишин суранып, элдин демин басты. Муну менен ал киши ол-көдө стабилдүүлүк болушун каалады жана элдин бөлүнүп кетишинен чочулады. Убакыттын өтүпгү менен Бабановдун акыркы аракеттерин эл туура баалап, «коркту» дебей, тескерисинче, «айкөлдүк кьшыптыр» дегендер чыгууда. Өлкөдө эки жолу революция болду, бирок анын экөөнө тең Бабановдун тиешеси жок. Ал киши Кыргызстанга сөзсүз келет деп ойлойм, бирок, качан экенин айта албайм.

– Өкмөт курамына бир даты таластык жердештериңиз илинбегенине нааразычылыктар айтылууда. Бул маселеге жеке көз карашыцыз кандай? Сиздин деле бул жагдай боюнча ичкүптүңүз бардыр…

– Бул сөздү КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков парламентте көтөрүп чыгып айтканда азыркы өкмөт башчы жооп берип жатып «башка ведомство, агенттиктерде таластык кадрлар бар» деп айтты. Негизи ушул сыяктуу сөздөр парламенттин 5-чакырылышында да болуп келген. Мындай шартта кичине ашыкча соз айтсац эле айрымдар түшүнбөй «трайбалист» деп айтып чыгышат. Негизи жооптуу кызматтарга каяктан болбосун профессионалдар барганы дурус, бирок, бүгүнкүкүндүнчындыгы-на жараша регионалдык балансты сактап койсо ашыкча болбойт деп ойлойм.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: