Menu

Түркмөнстанда өзбек чек арасына жакын жердеги турак үйлөр бузулат

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда Дашөгүз облусунун Өзбекстан менен чектешкен райондорундагы ондогон турак үй түрттүрүлөт. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бузула турган үйлөрдүн көбүн эки өлкөнүн чек арасын бойлой жайгашкан жана2011-жылдагы демаркация маалында түрттүрүлбөгөн турак-жайлар түзөт.

«Болдумсаз, Губадаг жана Героглы районунун акимчиликтери жашоочуларга турак-жайлары түрттүрүлө тургандыгы боюнча расмий кабар жөнөтүштү», — деп жазды басылма.

Жергиликтүү бийлик үйлөрдү түрттүрүү планын эки өлкө ортосундагы чек арага тикен зымдардын үчүнчү катарын орнотуу, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу үчүн курулуштарды тургузуу зарылдыгын менен түшүндүрүүдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, чек арадагы зымдардын алгачкы катары 2003-жылы, экинчиси 2011-жылы тартылган. Анын жыйынтыгында миңдеген үй-бүлө кышында үй-жайсыз калган. Ошондой эле чек арага жакын жерде миңдеген гектар айыл-чарба жери менчиктен ажыратылган.

Түркмөнстан менен Өзбекстан чек араны тактоо иштерин былтыр мартта, Шавкат Мирзиёевдин Ашхабадга жасаган сапарынан кийин кайрадан башташкан. Андан бери чек араны аныктоо боюнча эки тараптуу мамлекет аралык комиссия бир канча жолу жыйын өткөрдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: