Menu

Президент Земан Чехияда “Новичок” уулу заты өндүрүлгөнүн айтты

Бөлүшүү:

Чехида изилдөө иштери үчүн анча чоң эмес көлөмдө нервди шал кылуучу А-320 газы колдонулган. Ал “Новичок” ууландыруучу затынын катарына кирет. Бул тууралуу Barrandov телеканалынын эфиринде Чехия президенти Милош Земан билдирди.

Эксперимент 2017-жылы ноябрда Коргоо министрлигинин Бронодогу Аскер иликтөө институтунда жүргүзүлгөн. Ал Чехиянын Коопсуздук жана маалымат кызматынын баяндамасына таянуу менен сыноо жүргүзүлгөндөн кийин уулуу зат жок кылынганын айтты.

“Менин бүтүмүм төмөндөгүдөй: бизде “Новичок” аз санда болсо да өндүрүлдү жана сыноо жүргүзүлүп, андан соң жок кылынды. Билип туруп, билбегендей түр көрсөтүү эки жүздүүлүк болуп калмак”, – деди Чехия президенти.

Ошол эле маалда Коопсуздук жана маалымат кызматынын баяндамасында караганда, сыноо жүргүзүлгөн зат “Новичок” болгон эмес.

Буга чейин Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Улуу Британия, Словакия, Чехия, Швецияда “Новичок” уулуу заты чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Чехия коргоо министри Карл Шлехтов өлкөнүн ууландыруучу затты чыгарууга тиешеси жок экенин айтып, мындай билдирүүлөрдү абсурд деп атаган. 26-мартта Милош Земан контрчалгындоого бул заттын өлкөдө өндүрүлүшү тууралуу маалыматты текшерүүнү тапшырган.

Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын 4-мартта ууландырылганы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана “аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган” деген бүтүмгө келген. Москва муну четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: