Menu

Өзбекстан облустарынын биринде түнкүсүн сейилдөөгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Кашкадарыя облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери түнкү 22.00дөн кийин чайханада отурган кишилерди кармап, аларды административдик айыпка тартууда.

«Жура» чайханасынын кардарларынын биринин айтымында, 30-апрелде күтүүсүз келген райондук милиция кызматкерлери кечки тамакты аягына чейин ичирбестен, аларды автобуска салып, милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

–Алар облус башчысынын чечимине ылайык, түнкү 22.00дөн кийин көчөдө сейилдөөгө тыюу салынганын айтышты. Бул убакытта үйдө отуруш керек экен, – деди жергиликтүү жашоочу.

Ал тогуз кишиге айыппул салынганын кошумчалады.

Яккабаг райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери бул маалыматты тастыктады. Ал бул иш-чара кылмыштуулуктун санын азайтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатына жүргүзүлүп жатканын билдирди. Тартип сакчынын айтымында, кечкисин спирт ичимдиктерин ичип, жаңжал чыгарган кишилер гана кармалууда.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: