Menu

Элдешүүнүн эмес, эрегишүүнүн эпкини сокту

Бөлүшүү:

27-апрелде КСДПнын саясий кеңеши жыйынга чогулуп, кийинки абалын талкууга алышты. Көпчүлүгү Атамбаевдин президент, “мурунку досу” Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп сүйлөшүп, бир жыйынтыкка келишин суранганы ачыкталды. Алардын сап башында мурунку төрага Чыныбай Турсунбеков болду. Мындай суранычты сурангандар Жээнбеков тарапка өтө албай, Атамбаев тарапта калса кесепети катуу болорун сезип, ара жолдо калгандар. Атамбаев бул сунушка көнүп, Жээнбеков менен сүйлөшүүгө макул болуптур. Бирок, экс-ажо азыркы президенттин алдына камчысын мойнуна илип барса, сынганы ошол болот. Саясатчы үчүн мындан өткөн кордук жок. Кечээ эле эки тараптын тең расмий билдирүүлөрү чыкты. Атамбаевдин маалымат катчысынын билдирүүсүндө партия лидерин мактап, аны баардык нерсени ачык айткан деп сыпаттап, Жээнбековго келгенде “Бүгүн кимдир бирөөнүн мындай нерсеге духу жетиши күмөн. Акыркы чечимди кабыл алууга убакыт керек, анын ичинде Сооронбай Шариповичке дагы” деп айтылган. Ал эми Жээнбековдун маалымат кызматы тарабынан “Мамлекет башчысы аймактарды кыдырууда. Планында Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу жок. Учурда президент ички жана тышкы саясат маселелери менен алек. Алдыда көптөгөн ички жана тышкы мүнөздөгү иш-чаралар көп. Кыргызстандын президенти өзүнүн ишмердүүлүгүн партиядан сырткары жана мыйзамдын негизинде жүргүзүүдө” деген маалымат жарыяланган. Президенттик аппараттан чыккан маалымат, президент партиянын иши менен баш оорутпайт дегендей болду. Мындай билдирүүлөрдөн кийин экс менен азыркы президенттин жолугушуусу күмөн. Билдирүүлөрдө элдешүүгө караганда эрегишүүнүн эпкини күчтүүрөөк болууда.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: