1-май күнү куттуктоо сөзүндө «эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык майрамында чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерибизге өзгөчө жылуу каалоолорумду жолдойм. Бөлөк эл, бөтөн жерде Сиздер үй-бүлөңүздөр үчүн, мамлекетибиздин экономикасы үчүн чоң иш жасап жатканыңыздарды ыраазычылык менен баса белгилейм» деп президент Жээнбековдун кайрылуусу элдин арасында кеңири тарап, миллион мигрантыбыздын жана алардын үй-бүлөлөрүндө жаңы президент боюнча жылуу пикир жаратууда. Мурункудай «жаз майрамы» менен куттуктабай, жалданма эмгекчилер, жөнөкөй карапайым элге жаны тарткан мамлекет жетекчиси келиптир деген пикирлер соцтармактарда айтылды. А. Атамбаев «бизнес, бизнес» деп байлардын таламын талашса, С. Жээнбеков жумушчулардын тарабында экени, алардын социалдык укуктары «бекем коргоого алынсын» деп буюрганы элибиздин көңүлүн өзүнө бурду! Баракелде, Сооронбай Шарипович, ушул жолуңуздан жазбаңыз!
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ