Menu

Ташкентте 9-классттын окуучусу асынып алган

Бөлүшүү:

Ташкенттеги №69 мектептин 9-классында окуган кыз 3-майда өз үйүндө асынып алган. Өлүм алдында жазып калтырган катында ал апасы менен сиңдисинен кечирим сураган. Азырынча 16 жаштагы кыздын өз жанын кыюусуна эмне себеп болгону белгисиз.

Мектептен ал жалаң бешке окуган активдүү кыз болгонун билдиришти.

– Биз азыркыга чейин анын эмне себептен мындай кадамга барганын түшүнө албай турабыз. Буга чейин ал эки күн мектепке келген эмес. Үйүнө чалсак ата-энеси кыз ооруп жатканын айтышкан. Бейшемби кечинде анын асынып алганын уктук, – деди мектеп кызматкерлеринин бири.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынан тергөөнүн сыры деп бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Коңшуларынын айтымында, өз өмүрүнө кол салган кыз үй-бүлөдөгү төрт кыздын бирөөсү болгон.

– Ал күнү кыз үйүндө жалгыз болгон. Өлүм алдында бир туугандарына кат жазып, андан соң апасына телефон чалып коштошкон. Апасы дароо үйүнө чуркап келип, кызынын асынып алганын көргөн, – деди коңшуларынын бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: