Индира Жолдубаевага удаа прокуратура системасында үстүртөн болсо да тазалануу процесси башталды. Жакында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова кызматынан алынып, бошогон орунга Жамиля Жаманбаева барып конду. Бу айым кадимки элге-журтка таанымал тележылдыз Тамара Жаманбаеванын кызы экенин көпчүлүк биле бербейт. Жамиля айым буга дейре Токмок шаарынын прокурору, баш прокуратуранын бөлүмдөрүндө иштеп келген. Оомат ооп турганда эми иштин майын чыгара иштеп, энесинин атына сөз тийгизбей, мыйзамдуулукту көзөмөлдөөдө эстүүлүгүн көрсөтүп иштеп берсе болду го. Аттуу-баштуу, элге таанымал инсандын баласы болуп туруп, ишиңден кичине эле “кылт” этсең коомчулук дароо реакция кыларын Жамиля айым сындуулар эске ала жүрүшсө…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ