Menu

Эми тергөөчү Шадиевге телефон чалып “Бишкекке качан келесиз?” деп сураганга аргасыз

Бөлүшүү:

Үстүнөн кылмыш иш козголгондо ар бир алкымы күчтүү мародер, депутат, ууру, чиновник болобу, айтор коррупцияга аралашкан деп күнөө коюлган аткаминерлер кан басымы бар экенин, жүрөгү бар экенин, кан басымы көтөрүлүшү, ал эми жүрөгү оорушу мүмкүн экенин эстешет. Айла кеткенде, жеп-ичкендер көтөн чучуктары, ичкен-жегендери чыгып жатканда, суукка урунуп калышы мүмкүн деген диагноз менен чет өлкөгө дарыланганы кетишет. Эми дагы бир депутатыбыз Аскарбек Шадиев чет өлкөгө жүрөгүн операция жасатканы кеткен экен. Бизде деле «дүйнөгө атагы чыккан» дарыгерлер бар деп мактанабыз го…Же биздин врачтар элдин ырыскысын жеген чиновник-депутаттардын жүрөгүнө операция жасаганда, скальпелди колдонбой, автоген менен кесип, жүрөккө жетишеби? Кандай болсо да Аскар Шадиев операция жасатканы кетти. Капыстан. Көпчүлүккө күтүлбөгөн жерден… Шадиевдин жүрөгүнө чет жактан операция жасалышына Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына деп каралган 30 миң доллардын парламентте уурдалышы себеп болду. Шадиев 30 миңге күнү түшчү кара таман эмес. Эми Кылмыш иш тууралуу… Туура, кылмыш жасалды. Кылмыш иш козголду. Тергөө амалдары жүрүп жаткан кез. Бирок, Шадиевге далилденген фактылардын негизинде айып мойнуна коюлган жок. «Кыргызстандан чыкпасын» деген соттун чечими жок. Ал 27-апрелде эле чет жакка кетип калган экен. Кылмыш иш болсо эртеси козголуптур. УКМК Шадиевдин өлкөдөн чыкканын ачыктабай, жашырып жатканы көп суроолорго жем таштоодо. Эми Шадиев 30 миң долларды же тоок, велосипедтин дөңгөлөгүн уурдады деп айыпталган жок да, аны дароо камап, анан тергөө аракеттерин жүргүзгөндөй… Демек, укук коргоо органдары бул жерде, «ни при чем». Алар деле оокат кылып, бала-чакасын багыш керек. Эми, тергөөчү издөө жарыялап, Шадиевке телефон аркылуу «Сиз Бишкекке келе элексизби?», — ​деп сурап турат. Шадиев болсо тергөөчүгө күн алыс телефон чалып «Мени эч ким издеген жокпу?» — ​деп кабар алат.

Булак: Жаны Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: