Menu

Тажикстанда бетон басып калган эки өспүрүм каза болду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Хатлон облусунун Вахш районунда жашаган эки өспүрүм суу бургуч бетон лоток басып калып мерт болушту. Дагы бир өспүрүм оор абалда ооруканага жеткирилди.

Кырсык жекшемби кечинде Бустон кыштагынын четинде, 15 жаштагы Махмадали менен 12 жаштагы Рустам Давлатов мал багып жүргөн маалда болгон.

Катуу шамал менен нөшөрлөгөн жамгырдан жашырынган үч өспүрүм бетон лотоктордун алдына киришкен. Бирок алар күтүүсүздөп кулап кетип, балдарды басып калган. Өспүрүмдөрдүн бири аман калган, бирок дарыгерлер анын абал оор экенин айтышууда.

Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, нөшөрлөгөн жамгырдан улам аймакта сел жүргөн. Анын кесепетинен Бустон айылында бир нече турак үй жабыркап, айыл-чарба жерлери баткак алдында калган.

Бул акыркы бир нече күн ичинде өспүрүмдөр каза болгон Тажикстандагы экинчи кырсык болууда. 28-апрелде Рашт районунда сүрөткө түшүүгө аракет кылган эки өспүрүм кыз Сурхоб дарыясына агып кетишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: