Menu

Өзбекстанда иштен алынган кызматкер жетекчисине бычак менен кол салды

Бөлүшүү:

3-майда Мажбурлап аткартуу бюросунун Кашкардарья облусундагы бөлүмүнүн жумуштан алынган кызматкери Шавкат Ибратов жетекчиси Бахром Жураевге бычак менен кол салган.

Маалыматка караганда, жумуштан мыйзамсыз алындым деп эсептеген кызматкер жетекчисинин иш бөлмөсүнө кирип барып, бычак менен кол салган. Операция жасалган Бахром Жураевдин абалы учурда «туруктуу оор» деп бааланууда.

Мекеменин кызматкерлеринин бири Шавкат Ибратов бир ай мурда аттестациядан өтпөй калгандан кийин жумуштан алынганын билдирди.

– Ибратов бир ай мурда аттестациядан өтпөй калган. Биз жетекчи экөөнүн ортосунда башка кандай жаңжал болгонун билбейбиз. Ал күнү Шавкат Ибратов биздин жумушка мас абалында келген. Аны баарыбыз тааныгандыктан, мекемеге кирүүсүнө эч ким тоскоолдук кылган эмес. Ал түз эле жетекчи Бахром Жураевдин иш бөлмөсүнө кирип барып, аны бычак менен төрт жолу сайыптыр, – деди кызматкер.

Райондук милициядан аларга Мажбурлап аткартуу бюросундагы кол салуу тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн билдиришти. Бирок бюро кызматкерлеринин айтымдарында, 4-майда Шавкат Ибратов көрсөтмө берүү үчүн укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда мурдагы иш ордуна келип кеткенин айтышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: