Menu

ЖЭБдеги күмөндүү жагдайды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу даяр

Бөлүшүү:

Кечээ 7-майда Улан Примовдун торагалык кылган депутаттык комиссиянын жыйыны ММК өкүлдөрүн киргизбей жабык өттү. Анда: “Депутаттык комиссиянын корутундусу даяр, бирок айрым мүчө депутаттар “сунуштар бар” дегенинен алардын сунушун угуп, талкууладык. Жыйынтыгында корутундуга алардын да сунушун киргизе турган болдук. Депутаттык комиссия экиге бөлүнүп кетиптир деген жаңылыштык, андай болгон жок, баарыбыздын пикирибиз бир. Бүгүн толуктоолорду киргизип, эртең депутаттык комиссиянын 12 мүчөсүнүн бардыгы кол коюп, жыйынтык даяр болот. Бул маселе бир же эки эле адамга тиешелүү эмес. Көлөмдүү иш болгон, артында канчалаган министрлер, энергетика тармагындагы жетекчилер иштеген. Депутаттык комиссиянын корутундусунда тиешеси бар адамдардын бардыгынын аттары камты-лат”, – деди Примов.

Эскерте кетсек 2-майда ЖЭБ окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна анын айрым мүчөлөрү кол коюудан баш тартышканы белгилүү болгон.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: