Menu

Армения премьери Пашинян Тоолуу Карабахка барды

Бөлүшүү:

Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болуп шайланган күндүн эртеси, 9-майда Тоолуу Карабахка барды.

Армян лидерлери жыл сайын салттуу турдө аймакка 9-майда барып турушат. Бул күн 1992-жылы Армения колдогон аскерлер Тоолуу Карабахтагы Шуша шаарын көзөмөлгө алган күнгө туура келет.

Пашинян Степанакерт шаарында аймактын лидери Бако Саакян менен бирге Тоолуу-Карабах жаңжалында жана Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго арналып тургузулган мемориалга гүлчамбар койду. Андан соң алар Шуша шаарына барышты.

Пашинян Армения парламенти тарабынан 8-майда премьер-министр болуп шайланган. Муну менен өлкөдө бир нече жумадан бери уланып жаткан саясий толкундоолор тынчыды. Пашинян парламент алдында сүйлөп жатып, анын революциясы «Карабахтын өз тагдырын өзү чечүү укугунун таанылышына» алып келе турганын билдирди. Кийинчерээк ал бул боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок ага Карабахтын өкүлдөрү сөзсүз катышуусу керектигин айтты.

Баку Пашиняндын Тоолуу Карабахка баруу пландарына карата нааразылыгын билдирген. 8-майда Азербайжан ТИМинин басма сөз катчысы Хикмат Гажиев учурда аккупацияда турган Тоолуу Карабах дайыма Азербайжандын ажырагыс бөлүгү болгонун айтты. Тоолуу Карабахтын көз карандысыздыгын бир дагы өлкө тааныган эмес.

30 миң адамдын өмүрүн алган Тоолуу-Карабах жаңжалы Армения менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуунун башкы фактору болуп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: