Menu

“Раим миллион” менен Илмиянов Финполго Таировду дайындоодо эмнеге жан үрөштү?

Бөлүшүү:

ИИМ системасында Бакир Таиров деген чиновник бар болчу. Дарбыздын данегинен бетер ылайыктуу жерлерге карай сыйгаланганга маш неме. Учурунда Финполдун башчысы, Бакиев бийлик системасынын лөктөрүнүн бири Акимжан Мийбуллаевдин жанында жойлоп жүрчү ишин бүтүрүп. Кийин Бакиевдер качып, алардын артынан Акимжан Муйбиллаев кошо качканда дароо багытын өзгөрткөн.

“Күн тийген жердин күкүгү” атыккан Бакыт Таиров АШАнын доорунда анын эң жакын адамы Икрам Илмияновдун көңүлүн таап, анын колдоосу менен ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржылоого карты күрөшүү башкармалыгынын башчысы болууга жетишет. Кийин 2016-жылы ИИМге Кашкар Жунушалиев министр болуп келип, ИИМдин коллегиясын өткөрүп, Таировдун дарегине ачуу сын айтып, аны кызматтан айдаганы жана кайра өз сөзүн артка алганы менен эсте калган.

Анда сөз башынан болсун:

Жыйында генерал Кашкар Жунушалиев олуттуу сөз сүйлөп, министрликтин бөлүмдөрүндөгү ийгиликтер менен катар кемчиликтерди баса белгилеп, акырында бир нече начальниктерди кызматтан алуу сунушун каардуу түрдө айткан. Айрыкча ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржьшоого карты күрөшүү башкармалыгынын башчысы Бакир Таировду кекете: “Сенин ишицден эч бир натыйжа жок, уюшкан кылмыштуулукту каржылап жаткан бир дагы фак-тыны ача алган эмессиңер! Эмне иш кылып, айлык алып жүрөсүңөр? Мен министр катары Бакир Таировду кызматтан алууну коллегияга сунуш кылам!” дейт. Коллегия министрди колдоп ал сунуш кылган бир нече начальниктерди кызматтан алууга чечим чыгарат. Ошентип ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукту каржылоого каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Бакир Таиров кызматтан алынмак. Ушуну менен коллегия чечим чыгарып, ишин жыйынтыктайт.

Бакир Таиров дароо өзүнүн “крышасына” телефон чалып иштин чоо-жайын түшүндүрөт. Атамбаевдин
мурдагы шоопуру, серый кардинал атыккан Икрамжан Илмиянов министр Кашкар Жунушалиевдин телефонун бурап “Бакир Таировду кызматында калтырасыңар, Чүй облустук милициянын начальниги Капар Батыркановду кызматтан кетирип, анын ордуна Канат Жумагазиевди дайындайсыз!”- деп талап кылат. Мындайды күтпөгөн генерал “Коллегиянын чечимин мен кантип жокко чыгарам? Эл эмне дейт? Анын үстүнө бул менин министр катары биринчи коллегиям болсо…” дейт. Ал эми трубканын аркы башындагы Илмиянов эч кебелбей “ал менин проблемам эмес, айткандарды аткарыш керек!” -деп кесе айтат.

Эртеси министр өзүнүн буйругун жокко чыгарып, Бакир Таиров кыз-матында калат.

Дал ушул окуядан соң жылдызга айланган Таиров бир топ убакыттан бери дымы чыкпай кеткен. Учурда бул эргул кайрадан сахна төрүндө, ал Финансы полициянын Төрагасы болот элем деп эбак эле эдиреңдеп калган. Бакыт Таировдун Финполду жетектөөсүнө чү дегенде эле Икрам Илмиянов менен экс-Бажычы Раим Матраимов кызыктар болгон экен. Айрым маалыматтарга таянсак, дал бүгүнкү күнү булар Сооронбай Жээнбековдун кудасы Абжалиев аркылуу бийлик менен соодалашуу процесстерин жүргүзүп, аны кызматка алып келишкени тууралуу маалымат коомчулукка тарады. Албетте, Бакир Таировду бул орунга алып келүү менен булар өздөрүнүн финансылык кылмыштарын жаап жашырууну жана артындагы калбырларын тазалатууну көздөп жаткандары белгилүү эмеспи. Эгерде дал ушул сценарий ишке ашып кала турган болсо, бий-ликтин аброюна шек келип, Жээнбековдон көптү үмүттөнгөн элдин үмүтү өчө баштабайбы?

Бакыт Карачалов

Булак: Ачык Саясат

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: