Menu

Видео – Орусия “Евровидение” сынагынын финалына өтпөй калды

Бөлүшүү:

“Евровидение” сынагына катышкан Орусия өкүлү Юлия Самойлова финалга өтпөй калды. 2004-жылдан бери Орусия биринчи жолу концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүнө катышпайт.

10-майда Лиссабон шаарында өткөн жарым финалда Самойлова I Won’t Break (“Мен сынбайм”) ыры менен катышкан.

Ал былтыр Украинадагы “Eurovison” мелдешине да жолдомо алып, катышпай калган. Украинанын Коопсуздук кызматы ырчыны “2015-жылы аннексияланган Крымдагы концертке катышып, мыйзамды бузган” деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

“Евровидение” ыр таймашынын финалы 12-майда өтөт. Букмекерлер “Fuego” (“Жалын”) ырынын аткаруучусу, кипрдик Элени Фурейра утарын божомолдошууда.

Жарым финалга ​Австрия, Эстония, Кипр, Израил, Литва, Чехия, Болгария, Албания, Финляндия, Ирландия, Сербия, Молдова, Венгрия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения жана Нидерланды ырчылары өттү.

Мыктылар күйөрмандардын онлайн добушу жана калыстардын баасы менен аныкталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: