Menu

Саясаттагы достук биргелешкен кызыкчылыкпы?

Бөлүшүү:

Мен акынмын. Акын үчүн адамдык асыл сезимдер, сапаттар, анын ичинде достук баарынан бийик турат. Анын үстүнө, жашоонун мыйзам ченеми өзү ушундайбы, айтоор, көп эле адам менен жакшы мамиледе жүрсөң дагы достукту терең түшүнгөн адамдар өтө сейрек болот. Улуу акыныбыз Алыкулдун жазганын эске алсак:

“Үч шерт бар аткара алсаң курдаштыкта, Биринчи, кошо жангын махабатка.

Экинчи, караан болгун азаматка,

Башына кыйытылык тушкөн чакта.

Үчүнчү, колтугунан суйөп тургуз,

Казатта ок жаңылып жыгыларда.”

Андан ары кеп улай турган болсок, кыргыздар: “Соодада – достук жок!”-дейт. Америкалыктар болсо, “Америкачылыктары бар”- дешет. Грек философтору болсо: “Платон менин досум, бирок, акыйкат андан бийик турат.”-деп айтышкан. Ошентип, саясат айдьщына келеек, анда достук жок, бирок, биргелешкен кызыкчылыктар бар. Демек, А. Атамбаевдин бир гана мөөнөт иштеп, анан ары жогорку посттон өз ыктыяры менен кетиши – бул эрдик. Мамлекеттин эртеңин ойлогондук. Эгер Орто Азия өлкөлөрүнүн мисалында алсак, ал алгачкы бийик рекорд. Албетте, бир эле мисалды ар кандай жооруй берсе болот, бирок, биз аны жакшылыкка жооруйлу. Дегеле ар кандай нерсени жакшылыкка жооруган он. Маселен, кийинки мезгилде Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси тууралуу ар кандай кептер айтылып жүрөт. Айталы, башында: “Жээнбеков Атамбаевдин кол баласы (“чу-челаосу”)” – деген кептер байма-бай айтылар эле. Азыр С. Жээнбековдун кийинки кадамдарын айрымдар, өз алдынча иш алып баруу катары туура бааласа, башка бирөөлөр, аны “досун сатып кетти”- дегендей көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Албетте, мен жогоруда белгилеп кеткендей, бийликте достук эмес, кызыкчылыктар бирге болот. Эл башында турган адамдар: “Мен бийликти досума тапшырам.”- дегендей кеп айтса, бул баланын оюнундай иш болуп калат. Анткени, мамлекеттик кызмат, жакын адамдарга бериле турган энчи же мурас эмес. Ошол эле маалда, жалпы кыргыз эли шайлаган президентибиз – С.Жээнбеков өзүнүн бийликке келишинде А. Атамбаевдин дагы ролу зор болгондугун жокко чыгарбайт деп өлкөнү башкаруу ишинде прин ципке туруп, өз позициясын ачык карманып, колу таза, мамлекеттик ишти өз деңгээлинде алып кете турган кадрларды кызматка алып келүүсүн чекилик катары кароо да туура эмес. Ошол эле маалда кимдир бирөөгө жакпай калгандыгы үчүн дагы татыктуу кадрларды жөнү жок кодулоо жакшылыкка алып барбайт. Андыктан, ар бир кадамды таштоодо өтө сабырдуулук менен ойлонуп, ал кадам эртең кандай натыйжага кириптер кыларын жаземдебей билүү зарыл. Сөз аягында айтаарым, өлкөнүн бейпилдиги жана келечеги үчүн кам көрүү бийлик башындагыларга гана эмес, ар бирибизге тиешелүү.

Мирлан Алымбаев: «Касам ичип шерттешкен достор жокко эсе»

Азыр доско ишенүү кыйын. “Достун да досу болот” дегендей, достук да ар кандай болот экен. Азыркы достордо илгеркидей, кас

ам ичип шерттешкен достор жокко эсе. Бүгүнкү турмушта тим эле аябий ысык ынак болуп, достошкон достор,

ДОСГОШКОМ достпр, 1|>’К’Ц эле биринин аркасынл бири суу куюп, бирине- бири ор калган көрүнүштөрдү көрүп-билип эле жүрбөйбүзбү. Мындай жат көрүнүштөр мурун өөн учураса, азыр көндүм көрүнүшкө айлан-ды. Кишиге кишинин ишенүүсү кыйын болуп калды. Досуңа эмес тууганыңа, керек болсо жаныңда жаткан аялыңа да ишенбе деген кеп бекер айтыл-ган жок да. “Бузулган заман оңолор бир күн, Бузулуп турган адамдан сакта” деп Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев бе-керинен жаны күйүп ыр чыгар-ды дейсизби?.. Азыр эл бузулду. Заман бузулбайт. Эл бузулат.

Кунболот Момоконов: «Дос» деген ыйыкты булгабай, саясатта колдонбой коюшаса туура болмок»

Мен үчүн кан дос жана акы-реттик дос бар. Коом биз-ди ар кандай себептер менен өзүмчүлдүккө жетелейт. Ошол эле кезде ар кандай оор сыноо, муктаждыктарды берет. Ал кез-
< горлуII бо IVIIIV д.1 М.1.ИПИ I

ай лимит. Эгер чыныгы листу тапкам болсон, ага ишеммек тургай оз омүрүндү берүүго да туура келеби деп ойлойм. Анткени, ошончо баккам. өстүргөн, берилген, ишенген мээнетин менимче башка-га жол бербейби деп ойлойм. Коомдо итине, атына же даа-гы бир башка айбанатка бол-гон сүйүүсүн, достугун арнап ага берилген, ишенген үчүн адамдар аны жоготуп же кыр-сыктаган учурда өзү да ооруп, кыйналып калган учурлар коп эле. Анан ага Караганда адам-дьпс достук андан да күчтүү бо-лушу керек го. Ал эми саясат-бул күрөш, тирилик. Жогору-да айткандай өзүмчүлдүккө сүйрөгөн, көпчүлүк коз салып, ыксыз жолдон чыгарууга арга-сыз кылган жалпы бүтүндүк. Андайда сыягы достук багып кереги жок. Акыркы эле экс анан азыркы ажолордун «до-спуз эле доспуз»-деген ачуу кыйкырыгын чыныгы достук-ту түшүнгөндөр, арты эмне бо-лоорун билишкен. Жеке мен дагы социалдык баракчам ар-кылуу, «катуу кетишти, катуу түшүшөт. Булардын достугу 1,5 жылга жетпейт» деп жаз-гам. Жанылыпмын. 1,5 айдан кийин эле ойрон болду. «До-сунду корсет, сенин ким эке-нин айтайын»-дегендей, до-стуктун кадырын, кадырлуу кишилер баркын кетиришти. Бул деле билинбеген менен олкого, досторго чон жарака. «Дос» деген ыйыкты булгабай, саясатта колдонбой коюшса туура болмок.

Нуркыз Бакасова

Источник: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: