Menu

Өзбекстанда дагы бир өспүрүм кыз асынып алды

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун укук коргоо органдары 16 жаштагы кыздын шектүү өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. 17-апрелде Кулбапоён айылындагы мектептин 9-классында окуган кыз короосундагы сарайга асынып алган.

Коңшуларынын айтымында, өмүрүнө кол салганга чейин өспүрүм мектептеги мугалими менен чатакташып жүргөн. «Мугалим аны катуу кемсинтчү экен. Кыз андай мамилеге чыдабай, асынып алган», — деди коңшуларынын бири.

​Мектептин жетекчилиги бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Жергиликтүү активист Карим Саттаров кыз мугалимдин басымынан улам өз жанын кыйган деген маалыматты четке какты.

– Мен кыз окуган мектепке барып сураштырдым. Мугалими чынында эле тартипти катуу коёт экен. Бирок ал бардык окуучуларга ушундай мамиле кылып, сабакка келбегендердин үйүнө барып турарын айтышы. Мен окуучулардан ал силерге кол көтөрөбү деп сурасам эч ким ооба деп жооп берген жок. Мага каза болгон кыз начар окуганын айтышты. Азырынча анын эмне себептен өмүрүнө кол салганы белгисиз. Тергөө иштерин прокуратура жүргүзүүдө», — деди активист.

Каза болгон кыздын үй-бүлө мүчөлөрү маалымат каражаттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Акыркы кездери Өзбекстанда өспүрүмдөр өз жанын кыйган учурлар көп каттала баштады. 3-майда Ташкенттин №69 мектебинин 9-классында окуган кыз өз үйүндө асынып алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: