Menu

Видео – Нөшөрлөгөн жаандан улам Ташкенттин көчөлөрүн суу каптады

Бөлүшүү:

13-майдагы нөшөрлөгөн жаандан улам Ташкенттин бир катар көчөлөрүн суу каптады. Буга байланыштуу унаалардын кыймылы жайлап, жолдордо бир канча чакырымга созулган тыгындар жаралды.

Мындай көрүнүш Ташкентте акыркы бир нече жылдан бери байкалууда. Алсак, 2014-жылы катуу жааган жаандан кийин шаардын көптөгөн көчөлөрүн суу каптаган. Анда дагы унаа тыгындары жаралып, жер астындагы өтмөктөр сууга толуп калган.

2015-жылы министрлер кабинети Ташкенттин ирригациялык системасын жакшыртуу боюнча концепцияны бекиткен. Бирок 2017-жылы жазында катуу жааган жаандан улам борбордун көчөлөрүн кайрадан суу каптап, айрым райондордо унаа кыймылы бир нече саатка токтогон.

Ал ортодо өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-майдан 17-майга чейин тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: