Menu

Газа тилкесинде 50дөн ашык палестиналык мерт болду

Бөлүшүү:

Газа тилкесинде АКШ элчилигинин Иерусалимге көчүрүлүшүнө каршылыгын билдирген адамдар менен Израиль армиясынын ортосундагы кагылышуудан кеминде 52 палестиналык мерт болуп, эки жарым миңге жакыны жаракат алды.

АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгү Тель-Авивден Иерусалимге 14-майда, президент Дональд Трамптын чечими менен көчүрүлдү.

Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн болочоктогу борбору эсептеген палестиналыктар Вашингтондун бул аракетине кыжырданууда.

Би-би-си эртең менен тарта Газа тилкесине он миңдеген адам чогулуп, чек арага жакын барганда израиль тараптын аткылоосуна кабылганын билдирүүдө. Демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, чек араны көздөй таштарды ыргытышкан. Израиль тараптан болсо көзгө атарлар ок аткан.

Палестин автономиясынын өкүлү Юсуф аль-Махмуд израиль бийлигин «үрөй учурган кыргынга» айыптап, эл аралык коомчулуктан жардам сурады. «Эл аралык Мунапыс» укук коргоо уюму демонстранттардын атылышын айыптап, бул адам укуктарын жана эл аралык укуктарды бузуу болуп эсептелерин билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, дүйшөмбүдө палестин тараптан 500дөн ашык киши жаракат алган.

Израиль 40 миңге жакын палестиналык массалык башаламандык уюштуруп, чек араны бойлой тургузулган тосмону бузууга аракеттенгенин, аскерлер болсо стандарттуу эрежелердин алкагында аракет көргөнүн билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: