Menu

Жээнбеков Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Бөлүшүү:

Жээнбеков, 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков Никол Пашинянды Армения Республикасынын Премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелер бекемделип жана өнүгө берет деп ишенем», – белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян таанышканына кубанычта экенин жана куттуктоолор үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Биз  ЕАЭБдин алкагында  гана эмес, эки тараптуу тартипте дагы конструктивдүү иштешүүгө белсенип турабыз. Кыргызстан менен салттуу достук мамилелер бекемделе берет», – деп белгиледи Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: