Menu

Кулматовдон кутулдук

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов иштен кетти. Бул маалыматты мекеменин басма сөз катчысы Нурия Тилекматова ырастады. Анын айтымында, Кулматов кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

Кубанычбек Кулматов 11-майда Улуттук коорсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. Кийин анын Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде ТВЕА компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак бергени белгилүү болгон. Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан отпой калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага – «Айкөл курулуш» компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Бирок Кытай ак-часынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген.

Башкы прокуратура былтыр «Айкол курулуш» компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону кымырылганын жарыялаган.

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: