Белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Карганбек Самаков кандай себептен улам камалып кеткени көпчүлүккө караңгы бойдон турат. Элге белгилүү болгон маалыматтарга караганда бир нече гектар жер мыйзамсыз трансформацияланганы боюнча кесилди. Эгер логика боюнча алганда жерге ээлик кылган киши эмес, жерди трансформациялаган жетекчилер соттолушу керек эле. Тилекке карты алар акчалай гана айыпка жыгылып, акталып кетти. Кыргызча айтканда, «Айран ичкендер кутулуп, аякжалагандар тутулуп» калды. Мындай иштин аягы жакшы болбойт.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ