Menu

Кыргызалтындын кирешеси 99.5 млн. сомду түздү.

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын торагасы Алмаз Алимбековду кабыл алды. Анда Абылгазиев тоокен өндүрүү тармагындагы бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоо зарылдыгын айтты. Ошондой эле, кендерди иштетүүгө даярдык көрүүдө жергиликтүү калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

«Кыргызалтын» ишканасынын торагасы Алмаз Алимбеков Өкмөт башчыга уюмдун учурдагы иши тууралуу маалымат берди. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча, Centerra Gold Ink. дивиденддеринен тышкары, «Кыргызалтындын» жалпы кирешеси 99,5 миллион сом-ду түздү. Республикалык бюджетке салык жана чегерүүлөр түрүндө 161 млн сомдон ашуун каражат которулган. Бюджетке жалпы төлөмдөр 536 миллион сомдон ашуун сумманы түздү. Алмаз Алимбековдун айтымында, 2017-жы-лы үч жыл аралыгында алгач ирет «Солтон Сары» кени чыгашалуу разряддан кирешелүү разряд катарына кирип, анын кирешеси 21 млн сомду түздү.

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: