Menu

Бейшенбек Бекешев: Сапар АШАнын “алтын кадры”, аны Сапарчик, сары, бала, балашка деп теңсинбегендер бери эле дегенде абдан жаңылышат

Бөлүшүү:

Бекер киши таз болбогондой эле сарынын баары Сапар болбойт. Сапар издеп тапкан жана ишке ашыра билген долбоорлор башкалардын түшүнө да кирбейт. Башкалар сөздү сүйлөп жатканда мындай суперкадрлар ишти гана жасайт. Болгондо да баарын басып өтөөр, атаандаштын баарын тыптыйпыл кылып тепсеп салаар ишти. Ээсинин ниет-куюн илгиртпей түшүнүп, асмандан тилегенин жерден даяр кылып турган андай “алтын кадрларды” кайсы кожоюн кимге алмаштырат эле!? Болбосо Датка-Кемин чубалгысы же ЖЭБди жаңыртуу сыяктуу уурунун уурусу мындай турсун, каракчынын каракчысы суктанаар долбоорлор “алтын кадрлардын” оюна келбесе, катардагы пенденин башына сыябы?! Алардын канча акча турарын, ал кимден алынып, канчасы ишке, канчасы кимге кетээрин учурунда ким билип, ким укту эле? Арамы авария менен курсагын жарып чыкпаганда, балким, эч ким эч нерсе билбей калмак. Кайран эл кантип кимден кош бойлуу болуп калганын билбей, теңселип турмак. Арам перзенттердин аталары “алтын кадрлар” экенин го билдик. Эми төрөтү кантээр экен деп жиндеп турган чагыбыз.
Булар “алтын” кадрлардын отчеттуу иштердеги ишмердиги. Толгон мекендештерибизди набыт кылып, Дача-Суу айлына кыйрап түшкөн жүк сыяктуу отчетсуз иштери канча экенин ким билди? Шериктештик өлкөлөрүнүн экономикасындагы “кыргыз тешиги” баарынын чарбасын бүлүнтүп жатканы тууралуу Лукашенконун билдирүүсүнө караганда мунун көлөмү эбегейсиз зор. Дүйнөдө сойку өлкө атыгуудан өткөн кордук барбы?
“Алтын кадрлардын” баасы биздин бийлик эгелери үчүн эгемендүүлүк алгандан бери өтө жогору. Аскар Акаев башында андайды кыргыздан таппай эл аралык шылуундардан жалдаган. Кийинчерээк ошол деңгээлге өсүп жеткен аппарат башчысы анын каалаган элдин баары эркин кирип-чыгып турган эшигин биротоло жаап, акаевдик бийликтин ирип-чирүү дооруна негиз салган. Курманбек Бакиевдин андай кадры болсо раматылык болуп кетти, арбагын козгоп сөз кылбай эле коёлу.
Кыскасы, “алтын кадрлар” бийлик ээсинин чыныгы жүзү, керек болсо өзү. Ошондуктан алар, Текебаевдин сөзү менен айтканда, алар үчүн өз баласынан да артык көрүнөт. Ошондуктан, аты-жытын эч ким билбеген кимдир бирөө элдин ырыскысын тейлөөчү кызматка татыксыз барып калганын көрсөңөр эч талашсыз эле “алтын кадр” механизми иштеди деп эсептей бергиле.

Автор: Бейшенбек Бекешев (Фейсбук баракчасынан)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: