Menu

Сирия боюнча кийинки сүйлөшүү Сочиде өтөт

Бөлүшүү:

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы июлда Сочи шаарында өтөт. Бул тууралуу Орусия, Түркия жана Иран өлкөлөрүнүн 15-майда тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүдө бул үч өлкө Сирия боюнча тогузунчу эл аралык жолугушууну жогорку деңгээлде уюштуруп бергени үчүн казак бийлигине ыраазычылык жолдоп, бирок кийинки отурумду 2018-жылы июлда Сочиде өткөрүүнү чечишкени айтылат.

Астана сүйлөшүүлөрүнө кепил өлкөлөр Сириядагы терроризм менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк көрсөтүшөрүн, жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууга аракет жасай беришерин, Сириядагы коопсуз аймактар “убактылуу чара” экенин билдиришти.

АКШ Сирия боюнча 14-15-майда Астанада өткөн отурумга катышуудан баш тарткан.

Сирияда Орусия менен Иран Башар Асаддын өкмөтүн колдойт. Кошмо Штаттар менен Түркия бийликке каршы чыккан козголоңчу топторду кубаттоодо. 2011-жылы мартта согуш башталгандан бери Сирияда 330 миңден ашык киши өлүп, миллиондогон адам качкынга айланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: