Menu

“Run the silk road” VII эл аралык марафонун жеңүүчүлөрү аныкталды

Бөлүшүү:

12-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Run the Silk Road» 7-эл аралык марафондун
жеңүүчүсү жөө күлүк Илья Тяпкин болду.

СССР спортунун эл аралык класстагы чебери Сатымкул Жума-назаровдун элесине арналган мелдеште 2 миң ЗООгө жакын спортчу күч сынашты. Адар 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97 метр аралыкка, 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка чуркашты.

Мелдештин жыйынтыгында 42 чакырым 195 метр аралыктагы жарышта 1-орунду Илья Тяпкин камсыздады. Бул ийгилиги менен Тяпкин катары менен 2-жолу аталган мелдеште эң байгелүү орунду ээледи.

Марафондо 2-орунду Аман Момуналиев жеңсе, 3-орунга Азамат Нуржан уулу илинди. Эске салсак, Момуналиев аталган марафондо 2015-2016-жылдары 1-орунду ээлеген.

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: