Жогорку Кеӊештин бүгүн, 16-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.
Суроо-жооп маалында депутат Акылбек Жамангулов бул маселе кийинки мамлекеттик аткаминерлерге сабак болушу керектигин айтып, эл аралык аудиттик компанияга текшерүүгө берүүнү сунуш кылды. Бишкек ЖЭБиндеги аварияга ошол кездеги инженерлер менен техникалык персоналдар жооптуу деген депутат Алмамбет Шыкмаматов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ТВЕА менен түзүлгөн 386 млн АКШ доллары каражатындагы келишим эки-үч эсе жогорулатылгандыгын айтып, ага кимдер кызыкдар болгондугун тактоо зарыл дейт. Ал эми депутат Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБин модерназациялоо боюнча алган насыянын кайтарымы жалпысынан 493 млн АКШ доллары экенин, бүгүнкү күндө анын 19 млн АКШ доллары гана төлөнгөндүгүн тактады.
Бир катар депутаттар Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун баасы жогору болгондугун айтып, тендер өткөрүү маселеси эмне үчүн каралбагандыгын сурашты. Ошол мезгилдеги Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча тендер өткөрүлсө жакшы болмоктугун, бирок ага убакыт кетерин, компания тандалып отуруп, бүгүнкү күндө ЖЭБди модернизациялоо иши бүтмөк эместигин белгиледи.
Суроо-жооп күндүн экинчи жарымында уланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ