Menu

Өзбекстан президенти АКШга расмий сапар менен келди

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Кошмо Штаттарга келди. Эндрюс аэропортунда аны АКШ өкмөт мүчөлөрү тосуп алышты.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдиргендей, 16-майда Шавкат Мирзиёев Акүйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугушат.

Расмий сапар алкагында Мирзиёев АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, коргоо министри Жеймс Мэттис жана конгресс мүчөлөрү менен да кездешет. Сапардын алкагында ондогон документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Мирзиёев АКШга келерде эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Өзбекстан президентин адам укуктары тармагында реформаларды улантууга чакырышы керектигин билдирген.

Ислам Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген Өзбекстан лидери буга чейин реформа жүргүзүүнү убада кылган. Күн мурун Улуттук коопсуздук кеңешинде Түштүк жана Борбор Азия маселелерин жетектеген Лиза Кёртис америка бийлиги Өзбекстанды адам укуктарынын бузулушу, мажбурлап иштетүү, дин тутуу жана сөз эркиндигиндеги чектөөлөр боюнча маселелерди жоюуга үндөй турганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: