Menu

Сапар Исаков Түлеевдин иши боюнча: Бул иштин башында Атамбаев турат. Бул “биринчинин” жеке көзөмөлүндө

Бөлүшүү:

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев түрмөгө тушкенден тартып, бийлик менен суйлөшүү учун ортомчулукка аралашкан “Тулеевди коргоо комитетинин” терагасы Урмат Акунов Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири Сапар Исаков аркылуу маселени чечуугв аракет кылган.

Ал Сапар Исаков менен бала кезден бери дос экенин айтып, бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн, ал эми мурдагы өкмөт башчысы “бул иш Атамбаевдин жеке көзөмөлүндө” деп айтканын билдирген: “Бул иштин башында Атамбаев турат. Бул “биринчинин” (Атамбаевдин) жеке көзөмөлүндө. Эгерде Нариман Тулеев Алмазбек Атамбаев менен тил табышып, экөө өз ара келишпестиктерин чечип алса, анда эч кандай мүлктөрдү тартып алуу болмок эмес – деген”.

Тулеевди коргоо комитетинин жетекчиси Сапар Исаковдон: “Атамбаевдин кээ бир буйруктарын аткарбай койгонго болобу?”- деп сурагынын айтты. “Мен Сапар Исаковдон “биринчи” берген кээ бир команданы аткарбай коё аласыңбы” деп сурадым. Ал “жок, эгер мен бул ишти аткарбасам менин ордум да чечилет, менин башым да кетет. Бул маселе боюнча менден эч кандай жардам сураба. Мен жардам бере албайм” деп, ошол жерде акыркы сөзүн айтты”,- деди Акунов.

Апрель революциясынын баатыры Эмил Кыштобаев бул маселеге президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да аралашканын белгиледи. “Нариман Түлеевдин жа-кындары бизге кат менен кайрылгандан кийин мен Жогорку Соттун чечими менен тааныштым. Соттун чечиминде “мүлк” деген сөз таптакыр жок экен. Биз ошол маалдагы Мүлк комиссиясынын терагасы Болсунбек Казаковго бардык. Анткени конфискация дегенден кийин кайсы мүлктөрдү алыш керек деген суроого жооп издедик. Казаков “бул нерсени мен чечипейм, алтынчы кабат чечет” деди. Казаковго кирип чыккандын эртеси күнү эле Фарид Ниязов чалып калды. “Эртец мага келип кет. Сен эмнеге Нариман Түлеевдин ишине кийлигишип жатасың, сен эмне бакиевчил болуп кеттиц беле?” деп суроо салды. Мен Фарид Ниязов менен жолукканда айттым. “Бул жерде Бакиевдин кандай тийешеси бар? Мен акыйкат издеп жатам” десем, “бул иш “биринчинин” жеке көзөмөлүндө. Сен дагы ушинтип жүрө турган болсоц анда сен революционер эмес, бакиевчил болсуң”, деп мени аябай басынткысы келди”, – деди Кыштобаев.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: