Menu

Шыкмаматов: энергомафия өкүлдөрү ЖЭБди модернизациялоодо 100 млн долларды “жеп койгон”

Бөлүшүү:

“Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун баасы 2-3 эсеге жогорулатылган. Энергомафиянын үч өкүлү “крышалары” менен бирге 100 миллиондой долларды жеп койгон”,-деп билдирди Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов болсо буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси парламент трибунасынан көрсөткөн аттиштер тууралуу маалыматы жалган деп баалады.

Бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып ал жакында өзү Бишкектеги бир топ базарлар менен дүкөндөрдү кыдырып чыкканын, дал ошондой эле аттиштер топтомун 2500 сом турарын көргөнүн айтып, аны депутаттарга алып келип көрсөттү.

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “бул аттиштерди далил катары кылмыш ишине тиркеш керек” деген пикирин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: