Menu

Тукемин бир тайчалык дымагы бар

Бөлүшүү:

Азыр отуз жаштагы жигиттер деле күч-кубаты кетип, зайыбынын согончогун канатууга жарабай элден көзүн алакачып жүрүшөт. Бул кызылдай чындык! Бирок, өзүн дакен короздой таптап, шараптан, жаман адаттардан оолак болуп жүргөн айрым мыктылар жаңы көшөгөгө кирген кийинки жубайларынан балканактай уулдуу болуп жатканы жакшылыктын жышааны десек кээ бир ичи тарлар мурдун келтейтип жиберишээри турган иш. Өзү кылалбайт, кылганды көралбайт деген ушу да, туурабы?

Жакында эле Турсунбай Бакир уулу балалуу болгонун жар салды. Ал тургай ысымын Салахиддин-Музафар деп ырымдап койгонун элге шардана кылды. Дегеле сонун болуптур, сизге Теңир кудуретин аябасын, Турсунбай мырза! Бул ирет кайрадан жаштарга теңелип, ал эмес алардан калышпай алдыда келатканыңызга ак жүрөк адамдар ичинен дем беришти. Ата-бабалардын аздектеп келген насилин сиз жандандырып жатасыз деп айта кетсек деле натуура болбостур? Көп болсо сынчылардын ышкырса тиши сынып түшөөр, андан утулушка кириптер болбойбуз. Эгерде кайра алганыңыз жараша берсе Жетимишбайларды жаратарыңызга ынанып турган кезибиз.

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: