Menu

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча Алмазбек Атамбаев да жооп берсин

Бөлүшүү:

16-майда Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦинин тегерегиндеги маселе боюнча депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын талкуулоо уланды. Мына ошол талкууда депутат Рыскелди Момбеков адатынча улунуп-жулунуп: «Аткаруучулар камалып отурат. Жети бала камалды. Ал эми башкаруучулар биякта отурбайбы! Бир депутат Алмазбек Шаршеновичтин атын айтты. Сапар Жумакадырович “Сооронбай Шариповичти” дейт. Эркиңер жетеби, урматтуу комиссия, экс-президентти да, азыркы президентти, өкмөт башчыны (ал кезде биринчи вице болуп отурган) да чакыргыла!”, – деп кыйкырды.

Биз Рыскелди мырзанын эмнени көздөп турганын түшүндүк. Ал мына ушундай популизми менен “Мен чындыкты айтып атам, эч кимге жагынган жокмун” деген пикирди жаратууга аракет кылууда. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы эле башталып, кытайлык ТВЕА компаниясы менен келишимдер 2012-2013-жылдары эле түзүлүп, чечилип бүтүп калып атса, анда 2016-жылы өкмөт башына келген азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун анда кандай тиешеси болушу мүмкүн? ТЭЦти модернизациялоо боюнча документтердин биринде да С. Жээнбековдун колу жок. Демек, ага тиешеси жок экендигин түшүнөбүз.

Ал эми бул иштин башында ошол кездеги президент А. Атамбаев турганын баарыбыз билебиз. Албетте, ал документтерге кол койгон эмес, бирок баардык маселе аны менен макулдашылып, анан кийин гана жүзөгө ашып келгенин эске алганда, АШАнын да бул жерде жоопкерчилиги чоң экенин танууга болбойт. Анын үстүнө бул долбоорду жалаң анын көздөй кадрлары жүзөгө ашырып жатпайбы.

Андыктан ТЭЦтин модернизацияланышы боюнча башкы жоопкерчиликти экс-президент А. Атамбаев да тартууга тийиш. Бирок, кара күчкө патриот көрүнүп, чындыкты тартынбай айтып аткандай түр жаратып Р. Момбековдой клоун болуунун кажети жок. Чындыкты кашкайта айтуу кажет, бирок негиздүү болуусу эп.

Булак: Учур

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: