Menu

Бабанов Кыргызстанда чагым уюштурууну пландоодобу?

Бөлүшүү:
Былтыркы президенттик шайлоодо “Мен сөзсүз жеңишке жетишем” деп жүрүп, “Кудай буюрса” деген сөздү айтпай калып, жеңилүүгө дуушар болгондон кийин, “дарыланат элем” деп чет мамлекеттердин бирине чыгып кеткен боюнча кайтып келелек Өмүрбек Бабановду жакшы тааныйбызбы да. Ошол сепаратисттик маанайдагы саясатчы учурда Кыргызстан үчүн “сюрприз” даярдаганы атканы каңкууланууда.
Бүгүнкү күндө президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы ажырым кеткенинен Бабанов пайдаланып калуу амалын ойлонуп атыптыр. Ал ушундай кырдаалда Кыргызстанда кандайдыр бир чагым уюштуруп, анан аны Атамбаевге шылтап койгусу келип атканын анын өзүнүн эле жакын адамдары айтып жүргөнүн кулагыбыз чалды. Азырынча ал чагымды кандай формада уюштураары белгисиз, божомолдор боюнча митинг, акция түрүндө уюштуруп, анан анын аягын башаламандыкка кептеши мүмкүнбү?
Мындай аракети менен Ө. Бабанов эки максатты көздөшү ыктымал. Биринчиси, ал А. Атамбаевге болгон таарынычын, кегин ушундай жол менен алгысы келет. Себеби, өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында анын анча-мынча “секреттерин” Атамбаев коомчулукка жарыялап жибербеди беле?
Экинчиден, ал ошол президенттик шайлоо маалында ойлонбой жасаган кадамдары үчүн өз мамлекетине келе албай жүрөт. Андыктан ал “бир ок менен эки коенду аткысы” келет. Биринчиси, Атамбаевден өч алса, экинчиси, азыркы бийликтен ичине каткан “кегин алуу” аракети эмеспи?
Бул маалыматты тийиштүү органдар иликтөөгө алышы керек экендигин эң сонун түшүнүп турабыз. Себеби, эки саясатчынынын (А. Атамбаев менен Ө. Бабановдун) бири-биринен өч алгысы келгенинен улам мамлекеттин коопсуздугу коркунучка кабылбашы керек…
Булак: Учур

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: