Menu

Эркингүл Иманкожоева: Сапар Исаков “Күмтөр” менен чыккынчылык келишим түзгөнү үчүн жооп берет

Бөлүшүү:

Эркингүл же, президент Сооронбай Жээнбеков бийликти Атамбаевдин кадрларынан тазалай баштаганын саясый куугунтук катары кабылдасак болобу?

– Негизи, мамлекеттик кызматтардагы кадр алмашуулар жана козголуп жаткан иштерди мен туура кадам катары баалайм. Аны эч кандай саясий куугунтук деп кабылдабайм. Анткени, президент мындай кадамга барбаса, мурунку президенттерден айырмасы жок болуп калмак. Ошон үчүн Сооронбай Шариповичтин мындай кадамы колдоого алынып, көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп жатат. Бирок, өз жанын коргоп калуунун, коомдук пикир жаратуунун айласын издеп, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков алдын ала саясый куугунтук башталды деген сөз айтып, кимдир бирөөлөргө коңгуроо кагып жатат. Анткени, ал алдыда эмне күтүп турганын билет. Алдыда Сапар Исаков “Кумтөр” кампаниясы менен кол койгон чыккынчы келишим үчүн эл алдында жана кийинки муундардын алдында башы менен жооп бериши керек! Кыргыз элинин шоруна түзүлгөн келишимди Исаков түздү. Ошондой эле “Суу кодексине” өзгөртүү киргиздирип мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берип, чыккынчылык, кечирилгис иш кылды. Кыскасы, Сапар Исаков элдин шоруна калган премьер-министр болду.

– Кулматов да кызматынан кетип, саясаттын курмандыгы болгондой сүртүм калтырып жатат. Ал киши мамлекеттик бир канча кызматты аркалады. Кайсынысынан жарытылуу майнап чыгарды?

– Кубанычбек Кулматов майлуу-сүттүү кызматтардын көбүн аркалаганы менен кайсы жерде иштебесин, эч бир өсүү-өнүгүү болгон жок. Тескерисинче, мамлекетке зыян келтирген иштер менен гана алек болду. Аны элдин баары билет. Ошон үчүн ал не деп актанбасын андай кадрлардан эртереек кутулганыбыз мамлекет үчүн да, президент үчүн да жакшы болду. Жакынкы күндөрү дагы бир топ кадрлар алмашуусу зарыл. Антпесек өлкөдө өзгөрүү болбойт. Эл тажаган. Элди алдагандан башканы билбеген бирок, мамлекеттик кызматтарды ээлеп алган пайдасы жок кадрлардан арылуу күндүн талабы Анткени, эл алардан алардан тажап, жаңы жүздү, жаңы дем менен иштеген адамдарды көргүсү келет. Мына ошол сигналды сезген президент ишти баштады. Себеби, убакыт тар. Тезинен алдыга жылышыбыз керек. Жакынкы убакта Өкмөт башчы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн да карап чыгышы керек. Ошондо эле күнөөсүз, буюртма менен камалып жаткан Өмүрбек Текебавге окшогон инсандардын иши да кайрадан каралып чыгып. Алардын эркиндикке чыгышына шарт түзүшү керек!

– Эми КСДПнын абалы кандай болот?

– КСДПнын кадыр-баркы кетти. Ошон үчүн партиядан патриот адамдар качууда. Партиянын келечеги күмөн. Өлүү партияга айланып калышы ыктымал.

Бетти даярдаган Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: