Menu

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен каражат жана анын максаттуу пайдаланылышы боюнча талкуу бүгүн улантылат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин 16-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышты.

Суроо-жооп маалында депутат Мирлан Бакиров Бишкек ЖЭБинин химиялык цехи азыркы күндө 386 млн АКШ долларынын эсебинен курулуп жатканын токтолуп: “Демек, ТВЕА менен болгон келишимдин контракттык мөөнөтү аткарылган жок. Штрафтык санциялар каралышы керек”,- дейт. Ошондой эле депутат парламенттин тармактык комитети өз маалында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жоктугун эки ирет белгилегендигин кошумчалады. Бир катар эл өкүлдөрү ЖЭБке модернизация керек болгондугу туура экенин айтышып, маселе ага каралган 386 млн АКШ доллары жана анын каржыланышында болуп жаткандыгын баса белгилешти.

Депутат Алмазбек Эргешов эмне үчүн мындай тобокелдүү шарттарга макул болуп, кол коюлгандыгына кызыкты. Ошол кездеги Финансы министри Ольга Лаврованын берген жообуна канааттанбаган А.Эргешов ошол маалдагы Экономика министринин орун басары А.Кожошевдин, Тышкы иштер министринин орун басары А.Бешимовдун келишимге каршы болгон пикирлери эске алынбагына токтолду.

Ошол маалдагы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы депутат Каныбек Иманалиев ошол кезде аталган аталган келишим боюнча ратификациялык мыйзам долбооруна 3 комитеттин, 5 фракциянын оң чечими болгондуктан жактырылгандыгын эске салып, болжол менен ушундай эле кубаттуулуктагы чет өлкөдө курулган ЖЭБдерди мисалга тартып, Бишкек ЖЭБин модерниазциялоодогу акча каражатынан 100-140 млн АКШ доллары уурдалгандыгын божомолдоду. Ошону менен катар мындай жагымсыз, өлкө кызыкчылыгына каршы келген маселелерди болтурбоо үчүн улуттук фискалдык органдарга насыялык келишимдерди текшерүүгө укук алып берүү керектигин айтты.

Бир катар эл өкүлдөрү депутаттык комиссиянын корутундусун колдоп, аны укук коргоо органдарына жолдоону сунуш кылышты. Ал эми бир катар депутаттар алынган насыялардын кантип кайтарыларына кабатырланышты.

Талкууланып жаткан маселе эртең 17-майдагы жыйында улантылмай болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: