Menu

Казакстанда мамкызматкерлердин диний уюмдарга мүчө болушуна тыюу салынат

Бөлүшүү:

16-майда казак парламенти “Диний кызмат жана диний бирикмелер тууралуу” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Дин иштери жана жарандык коом министри Дархан Калетаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты – мамлекет менен конфессиялар арасындагы карым-катнашты жандандыруу, диний кызмат субъектилеринин укуктары менен милдеттерин аныктоо болуп эсептелет.

Эгер документ кабыл алынса, балдарды жана өспүрүмдөрдү ата-энелеринин уруксаты жок диний жөрөлгөлөргө тартууга болбойт. Мындан тышкары чет өлкөдө диний билим алуу маселеси тыкыр көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик кызматкерлер диний уюмдардын мүчөсү боло албайт, кол алдындагыларды дин иштерине мажбурлай албайт.

Буга чейин «Форум-18» укук коргоо уюмуна таандык сайттын редактору жана журналисти Феликс Корли өкмөт тарабынан иштелип чыккан бул мыйзам долбоору Казакстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруудагы кемчиликтерин жойбой, тескерисинче көбөйтө турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: