Menu

БУУнун өкүлү Душанбени жарандык коом үчүн аянтчаларды кеңейтүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Өкмөт жарандарынын жашоосунда маанилүү роль ойнойт, бирок даанышмандык көрсөтө албай жаткандай. Мындай билдирүүнү БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Эндрю Гилмор Тажикстанга болгон эки күндүк сапары учурунда билдирди.

Эндрю Гилмор расмий Душанбени жарандык коом үчүн аянтчаларды кеңейтүүгө чакырды.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Эндрю Гилмор баштаган делегация Тажикстанга 14-15-майда келген. Делегация мүчөлөрү Тажикстан аткаминерлери менен катар коомдук жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушту. Бул жолугушууларга журналисттер чакырылган жок.

БУУнун Башкы катчысынын жарамчысы Нью-Йоркко кайтып келгенден кийин укук коргоочулар, журналисттер, адвокаттар өз иштерин коркутуп-үркүтүүлөрсүз, ыксыз административдик текшерүүлөрсүз жана соттук куунунтуктоолорсуз аткарышы керектигин белгиледи.

Гилмор кыйноолорду токтотуу үчүн БУУнун адам укуктары боюнча Борбор Азиядагы кеңсесинин техникалык жардамын сунуштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: