Menu

Мирзиёев Өзбекстанда адам укуктарын коргоо иштери уланарын билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин айтымында, адам укуктарынын абалын жакшыртуу боюнча иштер мындан ары да уланат.  Бул тууралуу Мирзиёев Акүйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Стартегиялык өнөктөштүктүн жаңы доору” деп аталган биргелешкен билдирүүдө Трамп Өзбекстанда бийликке Мирзиёевдин келиши менен бул өлкө саясий, экономикалык жана социалдык реформалар боюнча алдыга жылганын белгилеген.

Мирзиёев президенттик кызматты 2016-жылы Өзбекстанды чейрек кылым башкарган Ислам Каримов өлгөндөн кийин ээлеген.

Акүйдүн маалыматына ылайык, Трамп Мирзиёевдин адам укуктарынын абалы боюнча программасын жактырып, саясий туткундарды бошотуу, балдар эмгегин пайдаланууну жана мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча иштер жүрүп жатканынына көңүл бурган.

«Бул жетишкендиктер экономикалык жана саясий, ошондой эле коопсуздук боюнча Кошмо Штаттар менен кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түздү» деп айтылат Акүйдүн билдирүүсүндө.

Мирзиёев Вашингтонго жасаган алгачкы иш сапарында Өзбекстанда диний эркиндикти колдоо боюнча «жол картасын» ишке ашырууда чечкиндүү экенин билдирди. Ал өзбекстандыктардын кызыкчылыгын биринчи планга коюу – мындан ары да адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого жол ачарын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: