АКШ Сенатынын чалгындоо иштери боюнча комитети Орусия 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген атайын кызматтын корутундусу менен макул колду. Бул тууралуу комитет төрагасы Ричард Берр менен сенатор-демократ Марк Уорнердин биргелешкен билдирүүсүндө айтылган.
Сенаторлордун билдиришнче, 14 ай бою ар түрдүү булактардын маалыматтары текшерилип, аналитикалык иштер жүргүзүлгөндүктөн, Орусия шайлоого кийлигишкен деген бул чечим менен макул болбоого негиз жок.
Билдирүүдө Орусия тараптан көрүлгөн аракеттердин бардыгы Дональд Трампка жардам берүү үчүн президент Владимир Путиндин жеке буйругу менен ишке ашырылганы белгиленген.
АКШ атайын кызматынын январда жарыяланган баяндамасында Орусия 2016-жылдагы добуш берүү жыйынтыктарына таасир этүү үчүн хакердик жана пропагандалык иштер менен алектенгендиги жазылган. Москва мындай айыптоолорду бир канча жолу четке каккан.
27-апрелде Конгресстин өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитети Орусия АКШда башаламандык жана араздашууларды жаратууга аракет кылып, киберчабуулдарды жана социалдык түйүндөрдү колдонуп келгендиги жазылган баяндамасын жарыялаган. Бирок анда Москва мындай аракеттерди көп жылдардан бери көрүп келгени жана добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте алмак эместиги белгиленген.
Ошондой эле өкүлдөр палатасынын баяндамасында АКШ атайын кызматтары сынга алынып, алар Москванын Трампка жардам берген-бербегенин аныктоо үчүн заманбап ыкмаларды колдонбогону айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ