Menu

Казакстанда пара берген прокурор 7 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Актөбө шаардык соту Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнө пара берүү иши боюнча юстициянын кенже кеңешчиси Эсентур Кадыровду күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Казинформ» жаңылыктар агенттиги жазды.

Өкүмгө ылайык, Кадыров ошондой эле мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан жана юстициянын кенже кеңешчиси наамынан ажырайт. Соттун чечими азырынча күчүнө кире элек.

Адвокаттын айтымында, соттолуучу өкүм боюнча даттанууга ниеттенүүдө.

Эсентур Кадыров өткөн жылы ноябрда кармалган. 2017-жылы августта Казакстандын Башкы прокуратурасы ишине көңүл кош мамиле кылган деген шек менен Актөбө прокуратурасынын бир нече кызматкерине каршы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча алардын арасында болгон Кадыров кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Башкы прокуратуранын тергөөчүлөр тобуна пара берүүгө аракет кылган. Бирок ал бул айыптоону четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: